• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Түз эфир: Блогер Ырыс Жекшеналиевге өкүм чыгат

15 Бугу 2023 16:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15 -майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Полит Узник» баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча соттук отурум өтүп жатат.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү отурумда Жекшеналиевге өкүм чыгары күтүлүүдө. Райондук сотко блогерди колдоп жакындары келди.

20 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августунда УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылып, кармалган.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мамлекеттик айыптоо аны бул иш боюнча алты жылга эркинен ажыратууну суранган.
Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоочулар сотту активистти бошотууга, ал эми ИИМди ага карата кылмыш ишин толук токтотууга чакырышкан.

Количество просмотров: 126