• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түз эфир: БШКнын алдында митинг өтүп жатат

12 Чын куран 202117:20 Бишкек Govori.TV

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо болду. Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталган Баш мыйзамдын долбоору жалпы элдик добушка коюлду. Ага шайлоочулардын 37% ашыгы гана келип, 79% ашыгы «макул» деген добуш беришти. Жергиликтүү кеңештерге да шайлоонун баштапкы жыйынтыктары жарыяланды.

Учурда шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары менен макул болбогонун айткан айрым партия өкүлдөрү БШКнын имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыгышты.

Количество просмотров: 244