Бүгүн, 18-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы “ПолитКлиника” медиасынын үстүнөн жазган арызы каралып баштады.
“ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясына арыз жазууга “ПолитКлиника” медиасынын 4-февралда социалдык тармактарда жарыяланган “ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” аталышындагы материалы себеп болгон. “ЭлТР” арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген” деп билдирген.
Компания “ПолитКлиникадан” аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда.
Моралдык зыян катары “ЭлТР” соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.