• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түз эфир: Июнь окуясы боюнча соттук отурум башталды

15 Баш оона 2022 14:58 Бишкек Govori.TV

Июнь коогасына байланыштуу кылмыш иши сотто карала баштады. Ишти Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту кароодо.

Эске салсак, апрель айында Башкы прокуратура 2010-жылдагы Июнь коогасына байланыштуу козголгон кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти, экс-депутат, маркум Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишинен улам «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен козголгонун маалымдаган.

Анын негизинде мурдагы президент, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаевге, генералдар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Исмаил Исаковго жана саясатчы Бектур Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча айып коюлган.

Июнь окуясына байланыштуу 2010-жылы кызматта жүргөн жыйырмадай саясатчы суралган. Алардын арасында Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы болгон.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган. Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

Количество просмотров: 151