• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түз эфир: Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын жыйынында Сегизбаев суралып жатат

19 Аяк оона 2019 15:27 Бишкек Govori.TV
https://www.youtube.com/watch?v=uzBprLc_QFY
видео Азаттык

7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны өтөт. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Турусбек Коёналиев, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев чакырылды.

Буга чейин комиссия мүчөлөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында көчмө жыйын өткөрүшкөн. Анда УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев комиссиянын мүчөлөрүнө документтер топтомун, анын ичинде «өтө жашыруун» делген маалыматтар менен тааныштырган.

Буга чейин комиссиянын төрагасы Жеңиш Разаков анын жыйындары журналисттердин катышуусу менен өткөрүлөрүн билдирген.

Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомдук-саясий ишмерлер, эксперттер кирген.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

Количество просмотров: 184