Бүгүн, 18-ноябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши каралды. Сотто Мирлан Термечиков судьялык кылды.
Отурум учурунда мамлекеттик айыптоочулар эки кылмыш ишин: Кой-Таш айылындагы жер тилкелерине мыйзамсыз ээ болуу жана мыйзамсыз баюу иштерин бириктирүү жөнүндө өтүнүч келтиришти. Алмазбек Атамбаев мамлекеттик айыптоочуларга каршы өтүнүч келтирип жактоочулары ишти бириктирип кароого каршы болушту.
Натыйжада жер тилкелерине мыйзамсыз ээ болуу жана мыйзамсыз баюу иштерин бириктирүү жөнүндө айыпталуучулардын өтүнүчү сот тарабынан канаттандырылды.
Белгилей кетсек, мурдагы президент Атамбаев 4 иште айыпталуучу катары өтүп жатат. Алар: Кой-Таш окуясы, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу, ЖЭБдеги авария жана коррупция .