• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Түз эфир: Конституциялык кеңештин алгачкы жыйыны

20 Жетинин айы 2020 14:30 Бишкек Govori.TV

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Конституциянын долбоору коомдук талкууга чыгарылып жаткандыгына байланыштуу Мамытов кыргызстандыктарга кайрылып, Баш мыйзамдын долбоорунда бардык тараптардын пикирлери эске алынарын, документтин ар бир пункту коомчулукту тартуу менен караларын, бул үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөрүн айтты.

Ошону менен катар Мамытов кеңешме Конституциянын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келиш үчүн түзүлгөнүн билдирди.

Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар кирген.

Количество просмотров: 57