Бишкек. 05.03.2019. Govori.TV.
Өткөн жылдын 1-ноябрында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов чукул маалымат жыйынын өткөргөн. Анда ал, КСДП нын саясий кеңешинин, аны мүчөлүктөн чыгаруу чечимин легитимсиз деп атап, сөзсүз түрдө реакция болоорун айткан.
Андан бери Өмүркулов кандай реакция кылганы белгисиз. Бирок арадан беш ай өткөндөн кийин КСДП партиясы көңүл буруп, маалымат жыйын өткөрүүдө.