• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түз эфир: Кыргызстандагы реформалар боюнча тегерек стол өтүп жатат

21 Чын куран 2022 10:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-апрелде «Кыргызстандагы реформалар: ким үчүн? эмнеге жана кантип?» аттуу тегерек стол өтүп жатат.

Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары жана эксперттер катышууда. Иш-чаранын жүрүшүндө реформа багытында жүрүп жаткан иштер боюнча пикир алмашуу болду.

Эксперт Нурдин Дүйшөнбековдун айтымында, бардык тармактарда жүргүзүлгөн реформалардын көбү аягына чыкпай калат.

«Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо, билим берүү жана пенсия тармагын реформалоо керектиги айтылды. Деген менен практика жүзүндө кандай ишке ашат так түшүндүрмө жок. Мамлекеттик органдардын тутумун реформалоодо сунуштарды эске алуу менен иштеп чыгуу зарыл. Кээ бир учурда дасыккан адистер тартылбай калат. Реформа деген сөздүн маанисин тереңирээк карап көрсөк, реформа деген бул прогрессивдүү өзгөрүүлөр деген түшүнүк, элдин жашоосу жеңилдеп, келечеги көрүнүп калгандай болуш керек. Бизде көп учурда башталган иш аягына чыкпай калат»,-деди ал.

Количество просмотров: 80