• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түз эфир: «Next TVнын» жетекчисине өкүм чыгары күтүлүүдө

21 Аяк оона 2022 11:07 Бишкек Govori.TV

9-сентябрга белгиленген «Next TVнын» жетекчиси Таалай Дүйшембиевдин ишин кароочу соттук отурум 21-сентябрга жылдырылган. Соттук кароо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда болмок, анда териштирүүдө Дүйшембиевге сөз берилип, өкүм чыгары күтүлүп жаткан.

Белгилей кетсек, 5-сентябрдагы соттук жараянда мамлекеттик айыптоочу аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган.

Улуттук коопсуздук комитети март айында аталган телеканалга каршы «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган. Тергөө телеканал Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан Орусияга жардам бере турган жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган деп эсептейт.

Количество просмотров: 74