Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, элге кайрылуу жасайт.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, иш-чарага бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары жана коомдук-саясий ишмерлер катышат.
Пандемияга байланыштуу чакырылгандар коронавируска карата ПЧР-анализ тапшырышты, иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулуп жатат.
Кошумчалай кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-апрелде жыйынга чогулуп, Конституция тууралуу референдумдун жыйынтыгын бекиткен.
Ага ылайык, референдумга добуш берчү жарандардын жалпы саны 3 606 201ди түзгөн. Анын 36,66 % (1 322 124) шайлоого катышкан. Добуш бергендердин 79,32% (1 048 660) Кыргызстанда президенттик башкаруу системасын кайра орното турган Конституциянын долбоорун колдогон. Калган 13,72 % каршы добуш берген.