Бишкек шаарында Ала-Тоо аянтында КР президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда атайын техникаларды жана жаңы автобустарды тапшыруу аземи өтүп жатат.
Белгилей кетсек, атайын техникалар КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана Бишкек шаардык мэриясына берилди. Мындан тышкары, Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине жаңы автобустардын ачкычтары тапшырылды.