• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Түз эфир: Садыр Жапаровдун чуу жараткан маеги. Президенттикке талапкерлер жыйын өткөрүүдө

24 Жетинин айы 202012:13 Бишкек Govori.TV

24-ноябрда Бишкекте президенттикке талапкер болууга Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген саясатчылар укуктары бузулуп жатканы жөнүдө маалымат жыйын өткөрүүдө.

Жыйынга мурдагы депутаттар Садык Шер-Нияз, Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева, Клара Сооронкулова, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, президенттикке талапкер Бактыбек Жумагуловдор катышууда.

«Бүгүнкү күндө талапкерлердин укуктары бузулуп, административдик ресурстарды колдонуу жана тоскоолдуктар болуп жатат. Президенттин милдетин аткарган адам шайлоого катыша албайт. Ал эми Садыр Жапаров өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтотуп, шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул мыйзам бузуу болуп саналат»,-деди Сооронкулова.

Белгилей кетсек, 10-январда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого 48 талапкер ат салышууда.

Количество просмотров: 312