Бишкек.27.02.2019.Govori.TV.
Бүгүн Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгуль Токтакунованын кесилген мүлкүн Атамбаевдин пайдасынан алуу маселеси боюнча соттук отурум өтүүдө.
Эске салсак, Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын маалымат жыйында айткан маалымат чындыкка дал келбейт деп Атамбаев сотко кайрылган. Сот жактоочуларды 10млн сом төлөп берүүсү керектигин чечкен. Таалайгуль Токтакунованын маянасы менен мүлкүн камакка алынган. Экинчи жактоочу Канатбек Азиз да Атамбаевге 5 млн.сом төлөп берүүсү керек.