• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Түз эфир: «Супер-Инфо» гезитине карата бийликтин чабуулу» аттуу маалымат жыйыны өтүүдө

19 Жалган куран 2019 11:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.03.2019.Govori.TV.

видео super.kg

Бүгүн, 19-март күнү «24.kg» маалымат борборунда «Оппозициялык «Супер-Инфо» гезитине карата бийликтин чабуулу» аталышындагы маалымат жыйыны өтүүдө. Ага «Супер-Инфо» гезитинин директору Шайиста Шатманова, мурдагы элчи Кылычбек Султан, юрист Таалайгүл Токтакунова жана башкалар катышып жатат.

Айта кетсек, “Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси кечээ, 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) кайрадан суракка чакырылды. Айта кетсек, буга чейин 14-мартта чакыруу болуп, буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон. Финполдун инспекторунун берген суроолоруна эки сааттай жооп берип чыккан гезиттин директору Шайиста Шатманова аталган мекеменин негизсиз суракка чакырышы боюнча Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылышканын айткан. Бүгүн саат 14:00дө аталган арыздын негизинде соттук отурум болмокчу.

Количество просмотров: 10