• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Түз эфир: “Супер-Инфонун” жетекчиси Финполго суракка кирди

18 Жалган куран 2019 10:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.03.2019.Govori.TV.

“Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси бүгүн, 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Буга “ММКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон.

видео super.kg

Эскерте кетсек, 14-март күнү “Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси Финполго суракка чакырылган.

15-мартта “Супер-Инфо” гезитине каршы жүрүп жаткан аракеттер боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан маалымат таратылган. Анда аталган кызмат “Супер-Инфону” документтерди бербей жатат деп айыптаган. Буга «Супер-Инфо» гезити, «Финполдун редакция документтерди бербей жатат дегени чындыкка дал келбейт»,-деп жооп беришкен.

Учурда коомдук жана жарандык активисттер «Супер-Инфону» колдоо максатында Финполдун алдына чогулушууда. Алардын катарында Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, Адиль Турдукулов бар. Учурда гезиттин директору Шайиста Шатманова аталган мамлекеттик кызматтын имаратына суракка кирип кеткен.

Количество просмотров: 8