Түркияданы 100 жылда бир келген кырсык- зилзала жүздөгөн имараттарды талкалап, миңдеген адамдын өмүрүн алды. Бирок, ичибиздеги биримдик, ынтымактын, көңүлдөрүбүздүн көпүрөсүн үзө алган жок.
Мындан улам коом катары жүрөгүбүз бирге соккон бул күндөрдө Түрк дүйнөсүнүн медиа уюмдары катары “Түркия, Түрк дүйнөсү — бир жүрөк” урааны менен чогулууда.
Бүгүн, 15-февралда Түркия убактысы боюнча саат 20.00дө RТÜКтүн колдоосу жана көзөмөлү менен Түрк Кызылайы жана AFAT аркылуу жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам кампаниясында Түркия жана Түрк дүйнөсү телекөрсөтүүлөрү катары бирикти.
Түркиядагы TRT, ATV, KANAL D, STAR, SHOW, TV8, FOX, TRT жана KANAL 7 телекөрсөтүүлөрү менен Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан, ТКТР жана Македония телеканалдарынын жана Түркиядагы бардык улуттук, аймактык телеканалдардын салымы жана жергиликтүү телекөрсөтүү менен уюштурулуп жаткан кайрымдуулук кампаниясы программасы бардык каналдардын биргелешкен түз эфири аркылуу көрүүчүлөргө жеткирүүдө.
«Govori.TV» мультимедиалык маалымат агенттиги бул биргелешкен өнөктүктүн мүчөсү катары түз эфирди өз каналында жана соцтармактагы баракчаларында түз алып чагылдырууда.