• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түз эфир: Той-аш өткөрүүдө чектөөлөр боюнча парламенттик угуу

28 Бирдин айы 2022 10:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-февралда «Кыргыз Республикасында үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети парламенттик угуу өткөрүп жатат.

Той-аш өткөрүүдөгү эрежелер камтылган мыйзам долбооруна ылайык, үй-бүлөлүк салтанаттар 100дөн 200гө чейин, үйлөнүү тойлоруна 200дөн 300гө чейин адам катышуусу керек. Үйлөнүү тойлорунда үчтөн ашык эмес жеңил машине колдонулат.

Ал эми маркумду акыркы сапарга узатууда катышуучулардын саны чектөөсүз жана бодо мал союлбайт.

Мыйзам долбоорунда бул талаптарды бузгандар жоопко тартылат, ал эми кызмат адамы болсо иштен алынат деп жазылган.

Количество просмотров: 62