Бүгүн, 7-августта Олимпиада оюндарында байгелүү орундарды багындырган балбандар Кыргызстанга кайтып келишти.
«Манас» эл аралык аэропортунан спортчуларды ата-энелери менен күйөрмандары тосуп алды. Ал эми бийлик өкүлдөрүнөн президенттик администрациянын башчысы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдер барды.
Учурда спортчулар журналисттердин суроолоруна жооп берип жатышат.