Сүрөт – Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Санкт-Петербург шаарына келди

55

Бишкек. 06.12.2018. Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн учуп келди.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынынын президентинин расмий сайты маалымат таратты.

7-декабрда Мамлекет башчысы Москва шаарына иш-сапары менен барып,  кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин салтанаттуу ачылышына катыша турганы күтүлүүдө.