Бүгүн, 15-декабрда «#БалбакӨчүр» деп аталган демилгечи топтун мүчөлөрү жарандык активисттер, экологдор менен биргеликте калааны каптаган кара түтүн маселесин көтөрүп, анын жаралуу жагдайларын түшүндүрүүдө. Алардын айтымында, Бишкектин үстүндөгү кара ыш шаардагы таштанды талаасынын дымып күйүп жатканан жаралууда.
Демилгечи топ бүгүн журналисттер, экологдор жана активисттердин катышуусунда пресс-тур уюштурушкан. Бишкекти каптаган кара түтүн, дымып күйгөн таштанды талаасын шаар четинде жайгашкан панорамадан болгон көрүнүшүнө түз эфирде күбө болоңуздар…
Белгилей кетсек, смог маселеси акыркы жылдары коомчулуктун талкуусуна алынып келет.