• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түз эфир: Жаш кызды сүзгөн айдоочу үй камагына чыкты. Соттор эмне дейт?

18 Үчтүн айы 2023 12:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-январда Жогорку сотто талкууга алынган жаш кызды сүзгөн айдоочунун үй камагына чыгарылуусу тууралуу маалымат угулууда.

Эске салсак, курсант кызды өлтүрө сүзүүүгө шектелип кармалган айдоочуну үй камагына чыгаруу тууралуу чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту кабыл алган. Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, жактоочу тарап соттолуучуда 5-стадиядагы бөйрөк оорусу жана 2016-жылдан бери өнөкөт программалык гемодиализде экенин тастыктаган медициналык документтерди сотко көрсөткөнү айтылат.

9-январда болжол менен саат 07:10 чамасында айдоочу Жибек-Жолу проспектиси менен күн чыгышты көздөй бара жатып, Республика көчөсүнүн кесилишинен 1998-жылы туулган  жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып, белгисиз тарапка качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.

Бул факты боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Тойота үлгүсүндөгү унаанын 1974-жылы туулган айдоочусун кармалган.

Количество просмотров: 146