Бишкек.10.04.2019.Govori.TV.
Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча козголгон негизги кылмыш ишине байланыштуу сот жараяны өтөт. 3-апрелдеги териштирүүдө соттолуучу Айбек Калиевдин адвокаттары келбей калгандыгына байланыштуу отурум 10-апрелге калган.
ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча кылмыш ишин кароо Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-февралда башталган.
Тергөө ЖЭБди жаңылаш үчүн Кытайдан алынган 386 миллион долларды колдонууда коррупцияга жол берилген деп эсептейт. Бул иштин алкагында айып коюлгандардын арасында мурдагы аткаминерлердин жоон тобу: мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков, экс-министрлер Осмонбек Артыкбаев жана Ольга Лаврова, «Улуттук энергохолдингдин» мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов бар. Буга чейин иш боюнча баштапкы жараяндар жабык өтүп келсе, бул ирет алгачкы жолу сот залына журналисттер киргизилип, видео тартууга уруксат берилген.