• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Түздөн-түз келишим түзүү усулу аркылуу сатып алуулар боюнча мыйзамга президент кол койду

21 Чын куран 202016:39 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 15-апрелинде кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо жана күчөтүлгөн даярдык режиминде ыкчам мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги №72 Мыйзамынын 4-беренесине (Ички берүүчүлөргө (подрядчыларга) берилүүчү жеңилдиктер) жана 21-беренесине (Түздөн-түз келишим түзүү усулу аркылуу сатып алуулар) айрым өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 323