• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Таалайгүл Исакунова депутат Аида Касымалиеваны сотко берет

26 Тогуздун айы 2018 20:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.10.2018.Govori.TV

Мурдагы эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова ачыкталбаган маалыматтарды таратканы үчүн депутат Аида Касымалиеванын үстүнөн арыз жазган. Бул тууралуу бүгүн «Би-Би-Си» радиосунун кыргыз кызматынын түз эфиринде билдирди.

Ал өз сөзүндө «Касымалиева такталбаган маалыматтарды берип, » Үй-бүлөсү менен мамлекеттин эсебинен чет өлкөлөргө чыгып жүрөт дегени чындыкка туура келбейт,

 «Касымалиева ар бир айткан сөзүнө жооп бериши керек. Бирок саясий аренаны пайдаланып, тастыкталбаган, коомчулук анализ кылбай кабыл алчу маалыматтарды жарыялады. Мында журналисттик технологияны колдонду. Мени чет өлкөгө үй-бүлөсү менен мамлекеттин эсебинен чыкты деген билдирүүсү коомчулукту дүрбөттү. Бул боюнча калтырбайм, кандай жол болбосун ар-намысымды коргойм. Мүмкүн сотто жолугам»,-деп билдирген Исакунова.
Ошондой эле, ал өзүнүн ак экенин далилдөө үчүн кызмат ордун бошотконун  кошумчалаган.

 

Количество просмотров: 35