• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Таалатбек Масадыков президенттик шайлоого эмне себептен барбай турганын айтты

9 Жетинин айы 2020 10:49 Бишкек Govori.TV

Эл аралык эксперт Таалатбек Масадыков президенттик шайлоого барбайт. Бул тууралуу Масадыков социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазды.

Масадыков шайлоого катышпоо чечимин учурдагы бардык аракеттер мыйзамсыз болуп жатканы менен түшүндүрдү.

“Учурда мен иштериме байланыштуу чет өлкөдө жүрүп жатам. Акыркы убакытта социалдык тармактарда келе жаткан президенттик шайлоого байланыштуу менин чечимим жөнүндө ар кандай кептер айтылып жатат. Мындан улам кайрылуу жасоону туура көрдүм. Парламенттик шайлоо, андан киийн президенттик шайлоо өтүшү зарыл. Эгер ким болбосун, туура эмес жол менен президент болуп келсе, ал пезиденттин чечимдери туура эмес болот жана анын аткарылышын кантип талап кыла алат? Бул эл аралык коомдо түшүнбөстүк жаратат. Аракеттенип жаткан жаңы бийлик ар кандай катачылыктарды кетирип, мыйзамдарды да бузуп жатат. Анын кесепетинен эл аралык уюмдар жана коңшу мамлекеттер түшүнбөстүк менен карап, биз менен мамиле түзүүдөн баш тартып турушат. Ушундай шартта мен президенттик шайлоодон баш тартууга мажбурмун”, – деп билдирген ал өз кайрылуусунда.

Белгилей кетсек, Таалатбек Масадыков 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышкан. Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Количество просмотров: 135