• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Таанууга жардам керек. ТЭЦтин аймагындагы 20-25 жаштагы кыздын сөөгү табылды

6 Жетинин айы 201917:26 Бишкек Govori.TV

3-ноябрь күнү эртең менен ТЭЦтин аймагындагы насос станциясынан азиат тектүү кыздын сөөгү табылганын Бишкек ШИИББдин маалымат кызматынан билдиришти.

Кыз болжолу менен 20-25 жашта болгон. Денесинен зомбулуктун белгилери табылган эмес.

Белгилери: бою болжол менен 165 сантиметр, арыкчырай, чачы кара жана узун, бети тоголок. Ал I love Moscow деген жазуусу бар көк түстөгү футболка, Sports деп жазылган кызыл сызыгы бар кара чолок шым, кызгылт көк түстөгү ич кийим, 36-38 өлчөмдөгү ак кроссовка кийип алган.

«Үстүңкү жаагынын оң жак бөлүгүндөгү тиштери туура эмес өскөн, сол бутунда кызыл жиптери бар билериги болгон, анда кишинин алаканы жана бак тартылган», — деп айтылат маалыматта.
Милиция кыз тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну өтүнөт: 0553102387, 0703222622, 0702498888, 0772847336 жана 102.

«Электр станциялары» ишканасынан маалымат кызматы аталган станция ТЭЦке жакыныраак экендигин билдиришти.

Булак: sputnik.kg

Количество просмотров: 5281