• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Москвада кыргызстандык 220 000 рублди ээсине кайтарды

3 Бирдин айы 2018 18:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 03.02. 2018. Govori.TV

Москва шаарындагы банктардын биринен ичинде 220 миң рубль акчасы менен капчык таап алып, ичиндеги документтер аркылуу ээсин издеп таап,  кайтарган кыргыз жигитинин окуясы соцтүйүндөрдө катуу талкууга алынууда.

Айрым маалымат булактары, жазып чыккандай, Сузактын Барпы айылынын тургуну Авазбек Балтабаев бир жума мурун досу менен бирге «Отрадное» метрополитен станциясы тараптагы банктын алдына барганда 220 миң рубль (Кыргызстандын Улуттук банкынын учурдагы курсу боюнча 3 925.71 доллар) акча жана Россиянын жаранына тиешелүү баалуу документтер салынган капчык таап алышкан. Аны кайтарып берүү үчүн ошол банктын алдында 5 саат бою ээсин күтүшкөн. Бирок капчыкты издеп эч ким барган эмес. Эртеси күнү дагы издөөсүн улантып, акыры аягында дарек боюнча барган батирден улгайган аялды кезиктиришкен. Ал болсо документтер уулуна таандык экенин айтып, ошол жерден уулуна чалып сүйүнчүлөгөн да, кыргызстандык жигиттерге 10 миң рубль сүйүнчү катары беришкен.

 

“Кийин «көп акчам бар эле» деп танып, кайра биздин үстүбүздөн арызданбасын деген ой менен акчаны берип жаткан учурду телефонго видеого тартып койгон элек. Аны байкеме жиберсем интернетке киргизип коюптур», — деген Авазбек Балтабаев чыккан тасма тууралуу.

 

 

Количество просмотров: 14