• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Таажы илдетинин жаңы штаммы 41 өлкөдө табылды

6 Үчтүн айы 2021 18:03 Бишкек Govori.TV

Биринчи жолу Улуу Британияда аныкталган COVID-19 коронавирусунун жаңы штаммы ушул тапта 41 өлкөдө табылды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) билдирди.

Орусия азырынча “британ” штаммы аймакта аныктала элек экенин ырастоодо.

Бул арада ДСУ Түштүк Африкада табылган вирустун 501Y.V2 штаммы жети өлкөдө катталганын да кошумчалады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы үч жума катары менен өлкөдө коронавирус жуктурган 4 миллондон ашык учур катталып жатканын, курмандыктардын саны 76 миңге көбөйгөнүн кабарлоодо. Пандемия башталгандан бери дүйнө жүзүндө вирусту жуктурган 83 млн учур катталды, 1,8 млн киши өлдү.

Улуу Британия бийлиги жаңы, мурдагысынан да жугушуу коронавирустун жаңы штаммы аныкталганын декабрдын ортосунда кабарлаган. Кийинчерээк SARS-CoV-2 АКШ, Кытай, Канада, Түркия, Таиланд, Грекия, Словакия, Вьетнам жана Кипрда табылган.

Булак: «Кабар»

Количество просмотров: 1291