Бишкек.09.08.2019.Govori.TV.
ЖКнын мурунку депутаты Өмүрбек Бабанов менен бир учакта Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев да келе жатат. Бул тууралуу күбөлөр кабарлады.
Бул туурасында Түлеев ал жөн гана кокустук деген пикирин айкан.
Эске салсак, Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келүү чечимин кабыл алаганын билдирген. Белгилүү болгондой ал 14:40та Бишкекке конот. Бабановду анын тарапташтары тосуп алууга камынып жатышат.
Белгилей кетсек, Нариман Түлеев буга чейин мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен да бир учакта келип, ал экөөнүн ортосундаги болгон пикир келишпестиктерди талкуулашканын айкан эле.
Ал эми Атамбаев кечээ, 8-августта колго түшүп 26-августка чейин камакка алынды.