Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен жергиликтүү бийлик тарабынан бүгүнкү күнгө карата госпитализациялык пунктарга жаткырууга жалпы 22 247 орун тиешелүү жабдыктар менен жабдылып, даярдалды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов өкмөттөгү брифингде билдирди.
Алар:
Госпитализациялык орундар – 9 599;
Күндүзгү стационар – 12 340 орун;
Түнкү стационар – 308 орун.
Анын ичинен мурдагы «Ганси» авиабазасындагы «Семетей» госпитализация пунктунда – 1 302 орун даярдалды.
ӨКМ тарабынан 6 243 обсервацияга дайындалган орундарга:
1 272 керебет;
5 294 матрац;
5 525 жаздык;
5 708 жаздык кап;
5 184 төшөк;
8 706 шейшептер бөлүнүп берилген.
Ошондой эле ал обсервациядагы орундар жетишпей турган болсо ӨКМ тарабынан талаа шартында 3 872 орундар даярдалганын маалымдады.