• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Талант Мамытов Иран парламентинин төрагасы менен жолугушту

5 Баш оона 2021 16:45 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Ирандын парламентинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуу 4-августта орун алганын Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуу Ирандын президенти аятолла Сейед Эбрахим Раисинин инаугурациясынын расмий салтанатына байланыштуу Кыргызстандын парламенттик делегациясынын Тегеранга иш сапарынын алкагында болду. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Замирбек Эсенаманов жана Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков катышты.

Маектешүү учурунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришип, туризм, инвестициялар, медициналык туризм, инженердик-техникалык кызматтар чөйрөлөрүндөгү кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Ирандын элин жаңы мамлекет башчысын ийгиликтүү шайлап алышы менен куттуктады. Андан соң ал маектешине Кыргызстанда болуп өткөн саясий процесстер тууралуу маалымат берип, Жогорку Кеңештин жаңы курамы быйыл октябрда шайланарын билдирди.

“Азыркы учурда Кыргызстандын парламентинде мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына шайкеш келтирүүгө байланышкан жумуштар көп. Бизде да, сиздерде да саясий процесстер активдүү өнүгүп жатат, бирок, муну менен катар эле биз эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерибизди да өнүктүрүүгө тийишпиз. Тилеке каршы, пандемия көп пландарыбызды ишке ашырууга жолтоо болду. Азыркы учурда биздин өлкөлөрдүн темир жол уюмдары Түркмөнстан жана Өзбекстан менен бирдикте кызматташууну баштап, бир нече кеңешме өткөрүштү, ал Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан аркы өнүктүрүүгө түрткү берет”, — деп белгиледи Мамытов.

Мохаммад Багер Галибаф бул пикирди колдоп, эки өлкө темир жол, автомобиль жолдору байланышын жана авиакаттамдарды өнүктүрүүгө тийиш экендигин белгиледи.

”Биздин өлкөлөр мамиледе колдо бар пайдубалды, атап айтканда, ШКУну пайдаланышы керек. Бул уюмга мүчө болоордо Кыргызстан Иранды колдогон, бул үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирем”,- деди Иран парламентинин спикери.

Белгилей кетсек, иш сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун Ирандын жетекчилери, ошондой эле инаугуруация салтанатына келген чет элдик делегациялардын жетекчилери менен дагы бир катар жолугушуулары пландаштырылууда

Количество просмотров: 62