• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Талант Мамытов судьяларды дайындады

16 Бештин айы 2020 18:26 Бишкек Govori.TV

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытовдун дарегине КР Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кээ бир райондук, шаардык сотторунун, ошондой эле Ош облустук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун айрым судьялык бош кызмат орундарына дайындоого 20 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Талант Мамытов тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алып, судьялык кызматка 9 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Ал эми калган 11 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка сунушталган бул талапкерлер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.

КР президентинин милдетин аткаруучу, КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов 9 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарын чыгарып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

— Чүй облусу:

Аламүдүн райондук сотуна:

Байсов Кылыч Таштанбекович;

Касымалиев Бакыт Мукамбетович;

Суйеркулов Эрлан Оморалиевич;

Сокулук райондук сотуна:

Самудинов Кубанычбек Бердибекович.

Панфилов райондук сотуна:

Тагаев Тилек Мамедович.

Токмок шаардык сотуна;

Астаркулов Данияр Шаршенбекович.

— Ош облусу:

Ош облустук сотуна:

Майлубашов Нурбек Рысбаевич.

— Бишкек шаары:

Бишкек шаардык сотуна:

Калбаев Алмаз Тургуналиевич.

Свердлов райондук сотуна:

Саткынбаев Рустам Шайлобекович.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 109