• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Талапкер Курсан Асанов добуш берди

10 Үчтүн айы 2021 11:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. Президенттикке талапкерлердин бири Курсан Асанов Бишкек шаарындагы №1332 шайлоо тилкесине жубайы, кызы менен келип добуш берди.

Бүгүн, 10-январда 8:00дө Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум башталды.

Шайлоо жана референдумга байланыштуу баш-аягы 2 394 шайлоо участогу ачылды. Алардын ичинен 48и чет мамлекеттерде. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, шайлоочулардын соңку тизмеси 3 563 574 болду.

Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган. Президенттик жарышка адегенде 18 талапкер чыккан, анын бири талапкерлигин алып салып 17си калган. Ал эми башкаруу формасы боюнча БШКга каттоодон өткөн “макул”, “каршы” топтору да өз үгүт иштерин жүргүзүштү.

Количество просмотров: 207