Чүй облустук сотунун 23-апрелдеги чечими менен Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев 14 жылга эркиндигинен ажыратылды.
Маалыматка ылайык, Чүй облустук соту Талас Бегалиевди Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси («Опузалап талап кылуу»), 262-беренеси («Кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу»), 263-берене («Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо») жана 222-беренеси («Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)») боюнча айыптуу деп тапты. Ошондой эле анын мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркиндигинен ажыратты.
Талас Бегалиев сот залынан камакка алынды.
Буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту 20-февралда Талас Бегалиевди актап, абактан бошоткон.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бегалиев былтыр 19-майда «уюшкан кылмыштуу топту каржылоого, опузалап акча талап кылууга» шек саналып кармалганын билдирген. Атайын кызмат аны криминалдык топтордун өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болгон деп айыптаган.
Булак: Азаттык.