• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024
?????????????

Талас мэриясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

9 Кулжа 2020 9:28 Бишкек Govori.TV

Талас мэриясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 4-июнунда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Талас мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси, 1991-жылы туулган Ш.у.К. пара алып жаткан учурунда кармалган.

«Кармалган кызматкер муниципалдык жердин ижара мөөнөтүн узартуу үчүн жеке ишкерден акча каражатын талап кылган. Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды»,-деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам Талас облустук ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилип,тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 1041