• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Талас облусунун Манас районунун Май айыл өкмөтү эң мыкты аталып 1 500 000 сом жеңди

26 Теке 201910:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.07.2019. Govori.TV

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун 19-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен түзүлгөн жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын чечимине ылайык 2018-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрү болуп төмөнкүлөр аныкталып, сыйланышты:

биринчи топтун арасынан:

—  I орун 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен – Талас облусунун Манас районунун Май айыл өкмөтү;

—  II орун 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен – Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтү;

—  III орун 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен – Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айыл өкмөтү;

экинчи топтун арасынан:

—  I орун 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен – Жалал-Абад  облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтү;

—  II орун 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен – Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтү;

— III орун 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен – Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Болот Мамбетов айыл өкмөтү.

Сыйлык тапшыруу аземи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны учурунда өттү.

Количество просмотров: 42