Социалдык түйүндө «Жерүй кенин иштеткен Альянс Алтын компаниясы экологияга ири зыян келтирип, белгисиз, ууланган суусун Талас дарыясына агызууда. Эколог, экотехинспекция жаап жашырып келүүдө!»-деген видео тарады. Анда интернет колдонуучу кандайдыр бир түшүнүксүз заттар аралаш суунун агып келип чоң сууга кошулганын көрсөтүп тынчсызданган.