• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

23 Чын куран 202414:01 Бишкек Govori.TV

Талас районунун аймагында катуу жааган жаандан катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу үчүн район аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилди.

Тактап айтканда, Талас районунун башчысынын 22-апрелде чыгарган №99 буйругунун негизинде «Өзгөчө кырдаал» режими жарыяланды

Белгилей кетсек, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылын, Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылын жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылында сел жүргөн. Селдин кесепетинен 250 турак жай, короо-сарайлар, ички чарбалык жолдор, 1 көпүрө жабыркаган.

Учурда ӨК катталган аймактарда Талас райондук ЖК комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 128