Кечээ Талас шаарынын мэриясы 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыктарын чыгаруу жана 2024-2025-жылдарга күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча коллегиялык кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеде Талас шаарынын 2024-2026-жылдарга карата өнүктүрүү программасынын аткарылышы, камсыздандыруу маселелери, мекемелердеги арыздар жана кайрылууларды кароо тартиби, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, салык жыйымдары, социалдык өнүгүү, ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдыктар боюнча маселелер талкууланды.
Жыйынга шаардагы бардык тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышып, алдыдагы пландар жана көйгөйлөр боюнча ой-пикирлерин билдиришти.
Жыйынтыгында шаардын өнүгүү программасын ишке ашыруу, камсыздандыруу жана социалдык маселелер боюнча тиешелүү мекеме, ишканаларга тапшырмалар берилди.
Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов бардык жетекчилерди күз, кыш мезгилине өз убагында даярдануу жана жергиликтүү бюджеттин, салык жыйымдарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча чараларды күчөтүүгө милдеттендирди.