Талас шаарында асфальт-бетон, темир бетон жана таш майдалоочу жаңы заводдун курулушуна мезгил капсуласы салынды. Аземге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Завод саатына 80 тонна асфальт, 90 куб метр бетон жана 120 тоннага чейин таш майдалоого жөндөмдүү. Жалпы аянты 3 гектарды түзгөн ишканада 60 адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болот.
Объекттин курулушуна республикалык бюджеттен 84 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Заводду 2025-жылдын сентябрь айында ишке берүү пландалууда.
Бул долбоор Таластын өндүрүш тармагын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздоого салым кошот.