Талас районунда эркек кишини зордуктоо аракетин көргөн факты катталды. Бул тууралуу бүгүн таластын Талас ОИИБнын пресс-катчысы Динара Сарногоева Govori.TV маалымат агенттигине билдирди.
“Талас ОИИБна 7-август күнү Талас районунун Жон-Арык айылынын 1980-жылы туулган тургуну доо арыз менен кайрылган. Анын арызында Кызыл-Туу айылынын 1981-жылы туулган тургуну аны күч колдонуп зордоого аракет кылган. Азыр кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди” – деди пресс-катчы.
Тергөө иштери Кылмыш-жаза кодексинин130-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зордуктоо) негизинде жүргүзүлүп жатат, деп кошумчалады ОИИБдин кызматкери.