• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Таласта эки унаа кагышып, 7 киши жабыркады

26 Теке 202110:50 Бишкек Govori.TV

Талас облусунун Кара-Буура районунда эки унаа кагышып, 7 киши жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас-Тараз унаа жолунун (Кичи Кировка айылы) 53-чакырымында “Ауди С-4” жана “Фольксваген Пассат” унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 4 эркек жана 3 аял жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда).

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 552