Таласта катуу шамал катталып, бир киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 17-ноябрь күнү саат 14:30 чамаларында катуу шамалдын кесепетинен Талас айылында жайгашкан орто мектептин спорт залынын чатырын учурган. Мындан сырткары Үч-коргон а/акараштуу Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан Рахманбердиев атындагы орто мектептин чатыры жабыркаган. Кырсыктын кесепетинен эки терек кулап, 1975-жылы туулган Т.З.А. аттуу жаран каза болгон.
Жеринде ӨКМдин Манас районун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барууда.