Таласта кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык,Талас шаардык милициясына Талас районун тургуну 1998-ж.т. К.А. арыз менен кайрылган. Анда, 5-март күнү Талас шаарындагы “Казына” соода борборунун алдынан бейтааныш адам уруп согуп ден соолугуна залал келтиргендигин билдирип, чара көрүп берүүнү суранган. Текшерүү учурунда арыз ээси К.А. башынан катуу жаракат алып, Талас облустук ооруканага түшкөндүгү такталган.
Окуя боюнча КР КЖКнын 280-беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада, арыз ээсин уруп ден соолугуна залал келтирген жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган Талас шаарынын тургуну 1987-ж.т. К.К. экендиги такталган.
Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Шектүү Талас ОИИБдин тергөө кызматына камсыздалган.