• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Таласта мамкызматкер кармалды

17 Бирдин айы 202511:53 Бишкек Govori.TV

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин Талас аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Транспорт министрлигинин Талас облусу боюнча аймактык бөлүмүндө коррупциялык схеманын бети ачылды.

Тактап айтканда, Транспорт министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин Талас аймактык №3 бөлүмүнүн башчысы К.К.О жолдорду оңдоо жана куруу боюнча аткарылган иштерди сын-пикирлерсиз кабыл алуу үчүн жол эксплуатациялоочу ишканалардын башчыларынан мыйзамсыз акчалай сыйлык алганы аныкталган, бул асфальтталган жолдордун сапатына терс таасирин тийгизген.

Бул факты боюнча 2025-жылдын 11-февралында кылмыш ишинин алкагында аталган К.К.О. кармалып, Талас шаары боюнча ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 210