• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Таласта прокурордун орун басары кармалды

3 Бирдин айы 202612:07 Бишкек Govori.TV

УКМК Талас облусундагы райондук прокурордун орун басары С.К.О. пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, ал УКМКнын укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында кармалган.

Шектүү мурда пробацияга жана айып пул санкцияларына кесилген адамдарга басым жасап, «каматам» деп коркутуп, алардан дайыма 2000 доллар өлчөмүндө акча талап кылып келгени аныкталган. Прокурордун орун басары 1-февраль күнү 140 миң сом өлчөмүндөгү паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда мыйзамсыз ишмердүүлүктүн башка фактыларын, ошондой эле башка кызмат адамдарынын катышын аныктоого багытталган тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Теги:
Количество просмотров: 123