• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Таласта УКМКнын жаңы имараты ачылды

21 Жетинин айы 2022 15:43 Бишкек Govori.TV

21-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комиттеттин Талас облусунун башкы башкармалыгынын Кара-Буура райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Талас облусундагы өкүлү Бактыбек Нарбеков, Кара-Буура районунун башчысы Бектур Сагымбаев, ошондой эле ошондой улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

Атайын кызматтын жаңы имараты керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалганы айтылды. Ташиев Кыргызстандын бардык аймактарында УКМК кызматкерлери үчүн шарттар түзүлүп жатканын, кызматтык милдеттерди так аткаруу зарылдыгын эскертти.

Количество просмотров: 283