• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Таласта жасалма ПЦР анализ саткандар кармалды

16 Жалган куран 2021 18:22 Бишкек Govori.TV

Таласта милиция кызматкерлери жасалма ПЦР анализ сатып жүргөндөрдү кармады. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас ОИИБнин милиция кызматкерлерине Талас шаарынын тургуну 2020-жылдан бери, Казакстан Республикасына өтүү үчүн, адамдарга мыйзамсыз ар кандай документтерди жасап сатып жүргөн деген маалымат келип түшкөн.

Аталган факты Талас ОИИБнин Кылмыштардын Жоруктардын Бирдиктүү Реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 359-ст. (документтерди жасалмалоо) беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

«Маалымат ар тараптан текшерилип, ага тиешелүү процессуалдык аракеттер аткарылды. Анын негизинде 4-март күнү Талас шаарынан 1974-жылы туулган Р.Ф. аттуу аял кармалган. Ал ПЦР тесттин справкасын жана төлөндү деген квитанциясын берип, ал кызматы үчүн 5000 (беш миң) сом акысын алып кетип бара жаткан жеринен милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Шектүү Р.Фге ПЦР тесттерин жана ага тиркелген квитанцияларын жасап берип турган Талас районунун Көк-Кашат айылынын тургуну 1992-ж.т., Д уулу А. аттуу жаран кармалган. Иликтөө учурунда бири кардарларды таап, бири анализ менен квитанцияны жасап 500 сомдон бөлүп алып жүрүшкөн»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда жазык иши боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 304