• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Таласта жеке менчикке мыйзамсыз берилген мектептин жери мамлекетке кайтарылды

10 Баш оона 2022 15:57 Бишкек Govori.TV

Талас облусунда жеке менчикке мыйзамсыз берилген мектептин жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары 2003-жылы жана 2009-2011-жылдар аралыгында жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуу менен К.Султаналиев атындагы орто мектепке тиешелүү болгон 0,75 га жер тилкесин 5 жаранга жеке менчикке берип жиберишкен.

Жогоруда аталган жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу максатында облустук прокуратура тарабынан сот органына 5 доо арыз келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен доо арыздар толугу менен канааттандырылган.

Жыйынтыгында 3 млн 750 миң сомго бааланган 0,75 га жер тилке аталган айыл өкмөттүн балансына алынып, К.Султаналиев атындагы орто мектебине өткөрүп берилди.

Количество просмотров: 158